Бүгүн, 19-майда өткөн маалымат жыйынында "Продюсерлер уюмунун" директору
Съездбек Искеналиев:
"Таластан "пираттык" дисктерди таратам деген ойдо жүргөн Изат аттуу жигит кармалды. Бул окуядан кийин өлкө аймагындагы кинотеатрларга жаңы чыккан тасмалардын дискин берүүдөн чочуп калдык. Бизден алган байке да "Эми эмне кылам?" деп айласын таппай жүргөн чагы. Минтип таркап кете берсе, биздин, режиссёрлордун эмгеги кайда кетет?! Тартуучу топтун да эмгегин ойлоп койгулачы?! Андыктан кыргыз "пираттык" дисктерди таратуучулар, сиздерден көптөн-көп суранарым, кыргыз тасмаларына тийбегиле! Тасма өз чыгымын актаганда сиздерге беребиз" деген өтүнүчүн айтты
. Директордун айтымында, жакынкы аралыкта эле "Миллиондук мелдеш", "Участковый" жана "Түндүктүк келин" тасмалары "пираттык" жол менен тарап кеткен.