"Канн-2014" кинофестивалы: Украиналык журналист Виталий Седюктун актрисанын көйнөгүнүн этегине кирип алганы талкууга алынды

Актриса Америка Феррера 16-майда өткөн Канн кинофестивалында жагымсыз сюрпризге туш болду. Бул тууралуу бүгүн чет элдик басылмалар “Как приручить дракона-2” тасмасынын бет ачарында 30 жаштагы актрисага украиналык чуулгандуу журналист Виталий Седюк кол салды" деп жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Феррера фотографтардын маңдайында сүрөткө түшүп жатканда кызыл килемге чыга калган журналист актрисанын көйнөгүнүн этегине кире калып, бутунан кармаган. Күзөтчүлөр аны жылдыздан обочо сүйрөп чыгып, полиция кызматкерлерине тапшырышкан.

Америка Феррера, актриса: “Мен эмне болгонун түшүнбөй калдым! Артымдан бир нерсени сездим, карасам бир жигит бутумду кармап жатыптыр. Бул менин аталган фестивалга биринчи келишим жана ал мага жакшы тажрыйба болду!”- деп жагымсыз окуя тууралуу бөлүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
upol92
2014-05-19 19:53:35
Укмушко кокустук болсо керек та
+2
saltanat.
2014-05-19 21:56:39
Жагып калып, көчүгүн бир жыттап калайын десе керек да)))
+2
altynka95
2014-05-19 22:20:50
saltanat.,хаха куло берип жыгыдып калдым
+2
Lavanda
2014-05-19 22:10:34
Журналист өзүн аябай кичинекей, көрүнбөс сезип алган окшойт....
+4
altynka95
2014-05-19 22:21:44
жыгылып дегеним)))
0
nazhiev80
2014-05-20 02:27:07
турсасы жок экенин билип алган окшойт шустрый,бюзгалтери жок экенго
+2
Boldukan86
2014-05-20 17:20:31
журналист бирнерсени байкап жазып чыгайын дегенби ошончого барганына жараша
+1
kg.555
2014-05-20 23:55:48
пари ойногон ал бироо жарым менен и утту,полициясы кое берсе акчасын алып Украинага жылдыз болуп келе калат эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан