21-майда Бишкектеги КРнын Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында сүрөтчү Владимир Фесиктин “Сүйүү гана биздин дүйнөнү сактай алат” аталышындагы көргөзмөсүнүн бет ачар аземи өткөрүлөт.
Көргөзмө көрүүчүлөргө сүрөтчүнүн эмгектери менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Белгилей кетсек, көргөзмөгө автордун живопись, пейзаж картиналары коюлуп, ал 30-майга чейин уланат деп билдирет аталган көргөзмө залынан.