15-майда Эл аралык Канн фестивалында "Nordic Factory" (“Түштүк фабрика”) долбоорунун алкагында тартылган кыргыз режиссёру Айгүл Баканованын жана Милад Аламинин “VOID” тасмасы көрсөтүлдү.
Канндык режиссёрлордун эки жумалыгы "Nordic Factory" долбоорунун катышуучуларына 4 кыска метраждуу фильм тартууну сунуштаган. Анда Дания, Финляндия, Улуу Британия, Франция, Аргентина жана Кыргызстандан барган 8 кинематографист сценарийдин автору жана режиссёру катары көрсөтүлүп, алар 4 чыгармачыл тандемге бөлүнүшкөн. Ал эми Айгүл Баканова даниялык режиссёр Милад Алами менен иштешкен.
Фильм кемеде жана Борнхольм аралынын Даниядагы Кеге портунда тартылган. Тасманын башкы каармандары Ларс Миккельсен (“Шерлок”) жана Дар Салим (“Игра престолов”) ойношкон. Бул тууралуу КРнын Кинематографисттер өнүктүрүү фондунан бүгүн, 19-майда билдиришти.
Айгүл Баканова Лондондогу режиссёрлор факультетинин магистратура бөлүмүн аяктаган. Анын дипломдук иши - “Жамгыр” аттуу тасмасы 30 эл аралык кинофестивалдын сынактык программаларына катышкан. Өткөн жылы ал Париждеги Канн кинофестивалынын резиденциясына чакырылып, ошол жерде 5 ай бою “Каар” аталыштагы толук метраждуу дебюттук сценарийинин үстүндө иштеген.