Жакынкы аралыкта Өзбекстандын борбор шаарында 3 күн Кыргыз киносунун күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. Иш-чарада “Үмүт” жаштар киносунун I жана II форумунда жеңген тасмалар көрсөтүлөт.
Ачылыш аземде “Үмүт” жаштар киносунун I форумунун жеңүүчүсү “Салам, Нью-Йорк!” тасмасы көрсөтүлөт. Экинчи күнү “Сары-Ой”, “Образ”, “Балет – менин сүйүүм”, “Үн оператор”, “Ханбийке Назик” жана башка тасмалар тартууланат. Ал эми үчүнчү күнү “Гу Чжун Пёго кантип күйөөгө чыгуу керек?” тасмасы жана “Биз жашаган мамлекет” кыска метраждуу фильми коюлат.
“Учурда даярдык иштери көрүлүп жатат. Ташкентте өтчү Кыргыз киносунун күнү КРнын Өзбекстандагы элчилиги, “Өзбеккино” Улуттук агенттиги жана Кинематография департаменти тарабынан уюштурулууда” деп айтылат маалыматта.