Бишкекте Ислам таануу илимий-изилдөө институту ачылды. Бул тууралуу 20-майда аталган институттан кабарлашты.
“Институт бир ай мурун өздүк каражатка ачылган. Кыргызстанда радикалдуу идеялар жана радикалдуу мүнөздөгү идеологиялар жайылууда. Биз ага каршы илимий базада күрөшүүбүз керек. Радикализм кандай түрдө жайылып жатканын, ким ага катышууда, кантип күрөшүү керек, мамлекет кантип күрөшсө болорун изилдөөгө киришебиз. Албетте, биринчи жыйынтык жакынкы аралыкта болбойт, бирок болгон аракетти жумшайбыз”,- деп айтылат маалыматта.