Белгилүү теледива, дизайнер Ассоль Молдокматованын 1-июнда фотокөргөзмөсүнүн бет ачар аземи өткөрүлөт. Иш-чара Бишкектеги КРнын Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында орун алат. Маалым болгондой, көргөзмө 15-июнга чейин уланат.
Бул тууралуу Ассоль Молдокматова: “Көпчүлүк билгендей, мен Парижге барып “Cosmopolitan” журналына тартылгам. Мындан тышкары жакынкы аралыкта 15 журналдын жүзү болом. Фотокөргөзмөдө мен башкача образда көрсөтүлөм. Белгилей кетсем, тартылуу процесстери 10 мамлекетте жүргүзүлгөн. Каалоочулардын баары көргөзмөгө катыша алышат”,- деди.