Бишкекте “Үй-бүлө каада-салты – убакыттын байланышы” аттуу ретро фестиваль өткөрүлөт

1-июнда Бишкектеги Панфилов сейил багында “Үй-бүлө каада-салты – убакыттын байланышы” аттуу ретро фестиваль өткөрүлөт.

Фестивалда уникалдуу композициялар: иш кагаздар жана фотолор, Совет доорунун символу болгон кийимдердин жана аксессуарлардын коллекциялары, үйдөгү күндөлүк турмушка керектелчү техникалык жабдыктар көрсөтүлөт.

”Иш-чарага катышууну каалагандар өткөн кылымдын башындагы же ортосундагы үй-бүлөсүнө тийиштүү буюмду алып келип, ал жөнүндө кызыктарды айтып берүүсү зарыл. Үй-бүлөлүк реликвия – ыйык сакталчу жана укумдан-тукумга өткөрүлүп берилчү буюмдар, документтер”,- деп билдиришет уюштуруучулар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан