Бүгүн, 20-майда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде “Исламдын дүйнөлүк мааниси жана анын маданияты” аттуу көргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Көргөзмө “Бишкек - ислам маданиятынын борбору - 2014” программасынын алкагында өткөрүлдү.
Аземге КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Осман Аттвайджри, “Сафир Глобал Девелмент” коомдук фондунун жетекчиси Жамал Дуссел, аталган музейдин директору Анаркүл Исиралиева, көргөзмөнүн модераторлору жана коноктор катышты.
Көргөзмөгө Меккенин, Мединанын макеттери жана ыйык Каабанын жабдыгынын фрагменти, ошондой эле илгерки араб цивилизациясы түшүрүлгөн сүрөттөр коюлду.
Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Осман Аттвайджри: “Эки ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабиянын падышасы Абдулла бин Абдельазизтин “Бишкек – ислам маданиятынын борбору - 2014” иш-чарасына өзүнүн салымын кошуу максатында КРнын Мамлекеттик тарых музейине эки ыйык мечиттин макетин жана ыйык Каабанын жабдыгын белек катарында тапшыруусуна буйрук кылган. Жогорудагы баалуу белектер музейдин көркүнө көрк кошуп жана өтүп жаткан иш-чара кыргыз элинин терең ислам тарыхын, асыл маданиятын чагылдырат деп ишенебиз”,- деди.
“Көргөзмөгө коюлган экспонаттар аркылуу кыргызстандыктар исламдын ыйык баалуулуктарына кол тийгизүүгө, араб жана мусулман маданияты менен терең таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул иш-чара маданий эстеликтерди сактоодо негизги кадам болуу менен бирге биздин мамлекеттер арасындагы маданий байланыштардын чыңдалышына шарт түзөт”,- деп билдирди КРнын Мамлекеттик тарых музейинин директору Анаркүл Исиралиева.