Кыргызстандыктар “Эл аралык дүйнө жана наристе” Эл аралык карикатура сынагына катыша алышат

Кыргызстандыктар “Эл аралык дүйнө жана наристе” Эл аралык карикатура сынагына катыша алышат.

“Сынак 1-августка чейин жүргүзүлөт, ага жаңы же болбосо мурда сынактарга катышып, бирок сыйлык албаган эмгектер кабыл алынат. Алардын саны бештен ашпашы керек. Балдар темасындагы эмгектерде дүйнө биримдиги мааниси да камтылышы зарыл”,- деп билдирди 20-майда Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги.

Белгилей кетсек, сынактын уюштуруучулары - Түркиянын Измир шаарынын мэриясы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан