Балдар жана өспүрүмдөр китепканасында “Айтматовдун китептери” аттуу бурч ачылды

Бишкектеги К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында 18-майда “Айтматовдун китептери” аттуу бурч ачылды.

Иш-чарага Щвейцария кызматташтыгын өнүктүрүү башкармалыгынын башкы директору Мартин Дахинден, Швейцариянын КРдагы элчиси Ренэ Холенштайн катышты.

"Саамалыктын максаты - адабият классиги Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жаштар арасында жайылтуу, көргөзмөлөрдү өткөрүү, тасмаларды көрсөтүү, конференцияларды өткөрүү. Швейцариянын КРдагы элчилиги Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын коллекцияларын, компьютердик, мультимедиялык жана башка техникалык жабдыктарды алып келгенге каражат жагынан көмөк көрсөттү",-

деп билдирди бүгүн, 21-майда аталган китепканадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан