“Кара далы” тасмасы Дания жана Орусияда өтчү эл аралык кинофестивалга катышат

Кыргыз режиссёру Алижан Насировдун кыска метраждуу “Кара далы” тасмасы Дания жана Орусияда өтчү эл аралык кинофестивалга катышат.

Даниялык жаштар кинофестиваль фондунун дирекциясы билдиргендей, “Кара далы” тасмасы 3 миң картина катышкан оор тандоо турунан өткөн. Анын сыйлык фонду 100 миң даниялык крон (14 400 евро) турат.

Мындан тышкары аталган фильм 11-15-июнда Орусиянын Ярослав шаарында өтчү “Свет миру” аттуу жаштар кинофестивалына катышат. Бул тууралуу КРнын Кинематографисттерди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

“Кара далы” тасмасы - дудук кыз тууралуу поэтикалык аңгеме. Анда ал 25 жашка чыгып, турмуштун стандартына ылайык, кара далы болуп саналат. Тасма немец продюсерлери Питер Барановски жана Михаэл Крумменахердин колдоосунда тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aikol87
2014-05-21 12:10:57
Жакшы жанылык. Ийгилик каалайм!!!
0
kama_future_millioner
2014-05-21 16:28:37
Ийгилик алдынкы орунгаа чыккыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан