Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде “Башка Бишкек” деген аталышта фотокөргөзмө өткөрүлөт

Борбор калаадагы Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде 6-июнь күнү “Башка Бишкек” деген аталышта фотокөргөзмө өткөрүлөт. Ал үч блокко бөлүнөт. Биринчи блоктон фоточемпионат тууралуу мыкты эмгектерди көрсө болот. Экинчи блокто 5 жыл өмүр сүргөн фоточемпионаттын мыкты сүрөттөрү, үчүнчү блокто калыстар тобунун, “Фоточемпионат-2014” сынагынын уюштуруучусу Алексей Лысогоров жана фотограф Георгий Колотовдун стрит-фото темасындагы кызыктуу сүрөттөрү коюлат.

Бешинчи фоточемпионаттын калыстар тобун дасыккан фотографтар: кыргызстандык Эльёр Нематов, орусиялык Нина Ай-Артян, Артём Чернов жана Дмитрий Катковдор түзүшөт.

Белгилей кетсек, фотокөргөзмө бир жумага созулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан