“Айзирегим сен”, “Апакем” аттуу ырлардын автору
Топчубай Айтмаматов үчүнчү наристесин күтүүдө. Бул тууралуу ал
SUPER.KG порталына билдирди. Көп тыныгуудан кийин жандана чыккан ырчы чыгармачылыкка жең түрө киришкенин айтып, жаңы клиптерди тарттырып жатканын кошумчалады.
“Учурда клип тартуу менен алекмин, силердин сайтыңардагы клибиме көрүүчүлөр тарабынан жакшы сөздөр айтылыптыр, ошого өзүмдө болуп жаткан жаңылыгым менен бөлүшкүм келди. Жакынкы айларда уулдуу болуунун алдында турабыз. Чынын айтсам, кубанычымда чек жок, эми өмүрү менен төрөлсүн”,- деди ал.
Айта кетсек, Топчубай Айтмаматовдун эки кызы бар.