Ош шаарында өткөрүлгөн футболдук мелдешти Бишкектин шоу чөйрөсүнүн өкүлдөрү жеңип алышты

20-майда Ош шаарынын борбордук стадионунда шоу чөйрөнүн өкүлдөрүнүн ортосунда футбол боюнча таймаш өткөрүлгөн. Ага Бишкек жана Ош шаарындагы чыгармачыл жигиттерден куралган 2 команда катышкан.

Жыйынтыгында бишкектик “Бишкек футболдук клубу” командасы 5:4 эсеби менен жеңишти өңөрүп кайтты. Бул тууралуу таймашка катышкан ырчы Ислам Акматов бүгүн, 21-майда SUPER.kg порталына билдирди.

“Бишкек футболдук клубу” командасын ырчылар Ислам Акматов, Урмат Усенов, Омар, Арсен, Бегиш, Заир Токторов, Wi`ll be” тобунун үч бийчиси, “Тамашоу” долбоорунун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев түзүшкөн.

Ал эми “Ош” командасы куудул Жеңишбек Айтиев, "Тамашоу" долбоорунун "Nо name" командасынын мырзалары жана башкалардан куралган.

Ислам Акматов, ырчы таймаш тууралуу оюн төмөнкүчө билдирди: “Стадионго чыкканда элдин көптүгүн көрүп абдан сүйүндүк. Көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты. Таймашка бир ай мыкты даярданып барганбыз. Алар да жакшы даярдык көрүшүптүр, күчтүү команда экен. 2 таймда тең 0:0 болгон, бирок пенальтиде 5:4 эсебинде жеңиш биз тарапка ооду. Таймаштын максаты жаштарды спортко үндөө жана ырчылардын ынтымагын бекемдөө болуп саналат”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nursyi
2014-05-21 19:40:46
жакшы жоролго. Ийгилик!
0
AZIK01
2014-05-21 20:00:42
Бирок, оюнда "Ош" командасынын устомдугу менен отту. Ош командасы жакшы ойноду. Бирок "Бишкек" командасынын дарбазачысы кыйын экен.
+1
sagyn01
2014-05-21 20:01:26
AZIK01, дарбазачысы
0
almazbekovna
2014-05-21 21:41:13
Оюнду Ош Азем командасы мыкты корсото алды.
0
mirrow
2014-05-21 21:42:02
Molodsy rebyata...kuttuktaim. ХХХ ХХХ... Biwkek komandasy jense eken dep oturdam, emnegedir. Eki komanda ten mykty oinodu negizinen, anan Biwkek komandasy,darbazachynar kuchtu eken. Ozunor da ayabai yntymaktuu oinodunar... Omar dyn football oinogonun korup timele suyup kaldym...)))
0
admin_portal
2014-05-22 10:51:26
mirrow - эскертүү! Аймактык бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Билдирүүңүз түзөтүлдү.
0
gemma95
2014-05-21 23:21:33
Негизи Ош жакшы ойноду эле,Бишкек да калышкан жок,ырчылардан Омар,Бегиш,Максат(нон стоп)Мирбек,Айжигит(Ош),Кадыр(no name),Элдияр(Ош)жакшы оюн корсотушту,бирок эсеп 4:2 болгон болчу,Ислам Акматов адашып калган гооо))
0
Michelle
2014-05-22 00:04:54
Ажеп болуптур
-1
mi-li-na
2014-05-22 00:33:26
Жакшы саамалык болуптур.
0
samar82
2014-05-22 09:55:48
Эч кандай жакшы оюн болгон жок, аябай начар ойношту. Менин уулумда тузугуроок ойнойт.Оштуктар бир ааз чабуул жасашты, Бишкектен келген коноктор жакшы оюн корсото алышкан жок.
-1
Kunduz86
2014-05-23 09:15:33
жакшы
0
udoqawje
2023-01-25 15:21:00
! ! !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан