Бүгүн Бишкекте Осмонаалы Сыдыковдун «Мухтасар тарих-и кыргызийа» жана «Тарих-ы кыргыз Шадманийа» китептеринин бет ачар аземи болот

Бүгүн, 22-майда Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Осмонаалы Сыдыковдун кыргыздардын тарыхы тууралуу биринчи китебинин басылып чыкканына 100 жыл толду” аттуу темада илимий конференция болот.

Конференцияда Осмонаалы Сыдыковдун кыргыз тарыхындагы ролу жана анын маданиятка киргизген салымы жөнүндө баяндамалар окулат. Ошондой эле анын «Мухтасар тарих-и кыргызийа» жана «Тарих-ы кыргыз Шадманийа» китептеринин бет ачар аземи өтөт.

Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен, Жазуучулар союзунан өкүлдөр, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана Сыдыковдун кыздары катышышат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда аталган окуу жайдан кабарлашты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан