Кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков Нью-Йорктогу "Карнеги-холл" концерттик залында "Маш ботойду" жаңыртты

Кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков 16-майда Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Карнеги-холл" классикалык музыкаларды аткарууга ылайыкталган дүйнөдөгү эң престиждүү концерттик залында дебюттук жеке концертин берди. Анда дүйнөдөгү белгилүү композиторлордун, аны менен катар Атай Огомбаевдин "Маш ботой" жана Муратбек Бегалиевдин "Кайрык" аттуу чыгармалары жаңырды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда "Kyrgyz Club" уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Азаматтын чыгармачыл кечесине америкалыктар жана ал жакта жашаган мекендештерибиз күбө болушкан. Жаш пианистти Кыргызстандан композитор Муратбек Бегалиев барып куттуктап келди.

Кошумчалай кетсек, Азамат Сыдыков борбордук музыкалык мектептин доценти А.Рябованын классынын жана П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын бүтүрүүчүсү. Учурда АКШда жашап, профессор П.Доковскийден сабак алууда. Мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын ээси.
"Маш ботой" Нью-Йоркто жаңырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aidai88
2014-05-22 15:22:52
Азаматсыз,ийгилик!
0
chyngyz84
2014-05-22 18:04:21
Супер! Аудиосу жокпу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан