Эртең, 23-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз Эл акыны
Эгемберди Эрматов КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери менен жолугушат.
Жолугушууда эне тилдин олуттуу көйгөйлөрү жана кыргыз адабиятынын учурдагы абалы талкууга алынат. Ага Жыпара Исабаева өңдүү жана башка акындар конок катары келишет. Бул тууралуу аталган окуу жайдан Мырзахит Мырзаев кабарлады.