“Тазалык” ишканасы 2014-жылдын 1-кварталында жалпы суммасы 169 миллион сомдук ишти аткарды

2014-жылдын 1-кварталында “Тазалык” муниципалдык ишканасы жалпы суммасы 169,1 миллион сомдук иш аткарды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда борбор калаанын мэри К.Кулматовдун 100 күндүк ишинин отчётунда айтылды.

Маалыматка ылайык, аталган көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,1 миллион сомго көбүрөөк.

Бюджеттик каражаттардын эсебинен шаардын 96 көчөсүн, 4 аянтты, 13 гүлбакты, 5 сейил бак жана бульварды, 45 эстелик жана монументтерди тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Бул иштерге орто эсеп менен айына “Тазалык” ишканасынын 563 жумушчусу тартылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан