Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн кышка чейин 12 миллиард куб метрден ашырууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн 22-майда орун алган тегерек столдун жүрүшүндө министрдин орун басары Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылдын биринчи кварталында "Кыргызгидромет" аталган суу сактагычтагы суунун көлөмүнүн орточо деңгээлин 118 пайызга так болжогон. Кийин бул көрсөткүч 110 пайызды түзсө, азыркы учурда 83 пайызды түзөт.
Кошумчалай кетсек, Токтогул суу сактагычындагы суунун 19-майга карата көрсөткүчү 9 миллиард 60 миң куб метрди түздү. Ага чейин бул көрсөткүч 9 миллиард куб метрге жете элек болчу.