Ош шаарында табият кырсыгынан улам бир катар аймактарда электр жарыгы өчкөн 

21-майда кечке маал болгон катуу шамалдан улам Ош шаарынын бир катар райондорунда электр жарыгы өчкөн. Мындан улам шаардын 19 жеринде оңдоо иштери жүрүп жатканын Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Керим Калыкулов билдирди.

"Учурда жаратылыш кырсыгынан зыянга учураган электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Кечке чейин бир катар райондорду электр энергиясы менен камсыз кылганга аракет кылабыз",- деди ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nazar.arapbaev
2014-05-22 15:04:28
Owto anysyz dele svet kunugo ochup jatkan,bul shyltoo bolduda
0
bazar
2014-05-22 15:23:48
Газ жок, Свет жок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан