Жалал-Абад облусунда «Милициянын жаш досу» аталышында кароо-сынак өттү

Бүгүн, 22-майда Жалал-Абад облусу боюнча окуучулар арасында «Милициянын жаш досу» аталышында сынак өттү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сынакка райондордон жана шаарлардан жалпысынан 10 команда катышты. Жолдун алыстыгына байланыштуу Чаткал, Тогуз-Торо райондорунан командалар катыша алган жок.

Аталган иш-чаранын негизги максаты окуучуларды эртеңки келечекке тарбиялоо болуп эсептелет.

Анда 1-орунду Сузак районунан “Манас” командасы алып, заманбап сыналгыга ээ болду. Ал эми 2-орунду Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” командасы жеңсе, 3-орунду Ала-Бука районунун “Жаш муун” командасы утту. Катышкан ар бир командага баалуу белектер тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан