Оштогу 3-ирет өтүп жаткан Түштүк инвестициялык форумунда энергетика, курулуш, тармактары боюнча инвестиция тууралуу пикир алышуу болду 

Бүгүн, 22-майда Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында түштүк аймагын туруктуу экономикалык өнүктүрүү максатында өтүп жаткан форумда аймактын экономикалык өсүшүнө жардам берген чет элдик жана ички инвесторлорду тартуу, эл аралык жана аймак аралык соода-экономикалык байланышты бекемдөө жана жаңы ишканаларды түзүү, калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча талкуу жүрдү. 

Ошондой эле форумдун программасынын алкагында ишкерлер өнөр жай жана тоо-кен, айыл чарба, энергетика, курулуш, транспорт жана коммуникация тармактары боюнча инвестиция тартуу тууралуу пикир алышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Учурда келген коноктор секцияларга бөлүнүп, ич ара түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Айта кетсек, форум саат 18:00гө чейин уланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан