"Кыргыз тилибизди өнүктүрүш үчүн бийлик күч колдонуп, тартипти орнотуш керек" дейт жаш журналист 

Бүгүн, 22-майда тегерек столдун жүрүшүндө кыргыз тилдүү гезиттеринин биринин журналисти Жакшылык Бердибек уулу кыргыз тилинин начарлаганына бийликтегилер күнөөлүү деген оюн айтты. "Бүгүнкү күнү мугалимдер кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде үйрөтпөй жатышат. Кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн бийлик күч колдонуп, тартип орнотушу керек",- деди ал.
Ал эми журналист Жапара Исабаеванын айтымында, айрым жыйындар жана иш-чаралар орус тилинде жүргүзүлгөнү кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып жатат. "Эгер биздин бийликтегилер жыйындарды орус тилинде өткөрсө, кыргыз тилинин эмне кереги бар?" деп жаштарыбыз айтышы мүмкүн",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kamyr26
2014-05-22 17:55:10
Кыргызчалап суйлоп койсок бирообуз орусчаны билбейтко деп кулобуз
Оо Кыргызым Эне Тилин баалабай эмнебизге кыйын болуп журобуз,Атка мингендер Кулов баш болуп кыргыз тилинде жакшылыктуу суйлой алышпайт же кээ бирлери орусчадан такалып манкаланат кыйраткансып ,кыргыз тилин барктабаган оз элин жерин сатат анан качат.
0
nursyi
2014-05-23 07:44:18
бийлик куч колдонуш учун,бийликтин башында тургандар эне тилдерин жакшы билуулору керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан