Бүгүн, 22-майда Бишкектеги Спорт Ордосунда өнөрлүү студенттердин “Бишкек жазы-2014” фестивалынын гала-концерти өзгөчө шаң менен өттү. Иш-чарада таланты ташкындаган студенттер чыгармачылыгын тартуулап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай жаратышты. Ошондой эле 12-жолу өткөрүлүп жаткан фестивалдын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Маданият жана туризм башкармалыгынын жетекчиси Малик Ракишев: "Артка кылчайып көз жүгүртсөк, бул фестиваль өз максатын жигердүү аткарып, бир топ жаштардын чыгармачылыгынын өркүндөшүнө өбөлгө болууда десем жаңылышпайм. Мисал катары атай кетсем, Элмирбек Иманалиев, Курал Чокоев, Айбек Замирбек уулу, Гүлжигит Калыков аталган фестивалдан такшалып, лауреат болуп, албан-албан ийгиликтерди жаратып, элибиздин сүймөнчүлүгүнө ээ болушту",- деп белгилеп өттү өз сөзүндө.
Фестивалдын жеңүүчүлөрү:
Баш байге – К.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети (25 миң сом).
1-орун – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (20 миң сом).
2-орун – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы(15 миң сом.)
3-орун – К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (10 миң сом).
Ошондой эле калыстар тобунун атайын сыйлыгы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине (15 миң сом) тапшырылды.
Сыйлыктарды Бишкек шаардык мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын жетекчиси Малик Ракишев, КРнын Эл артисти Керим Турапов жана КРнын Эмгек сиңирген артисти Эгемберди Чалабаев тапшырышты.
Белгилей кетсек, салтка айланган фестивалга бул жылы 13 жогорку жана 2 орто окуу жайдын миңден ашуун жаш өнөрпоздор катышып, калыстар тобунун сынына үч жүздөй номер коюлган. Студенттер музыканын бардык жанрын, бийлердин түрүн, театр, адабият искусствосун көрсөтүшкөн.
Фестиваль Маданият башкармалыгынын демилгесинин алкагында жана Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүп, уюштуруу иштери менен сыйлык фондуна 710 миң сом сарпталган.