Алтынбек Исмаилов, тил адиси: “Кыргызстанда журналистикага адашып келгендер жок эмес”

“Кыргызстанда журналистикага адашып келгендер жок эмес”,- деп айтты бүгүн, 22-майда тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Алтынбек Исмаилов.

Анын айтымында, журналистикага сабаттуу жазган, билимдүү, экономика, саясат, медицина жана башка тармактарды жакшы түшүнгөн адамдар керек. “Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда мыкты журналисттерди даярдап жатышат” деген сөздөн алысмын. Журналисттер коомдун күзгүсү сыяктуу. Алар маалыматты так, оперативдүү чагылдырышы зарыл. Мындан тышкары журналисттер саясий курал болуудан алыс болуш керек”,- деди Исмаилов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан