Жыл башынан бери 29 чек ара жаңжалы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңжалдар коңшу өлкөлөр менен чек ара тилкелеринин толук такталбаганынан улам болууда. Катталган жаңжалдардын 28и кыргыз-тажик чек арасында чыкса, бирөө кыргыз-өзбек чек арасында катталган.
Учурда чек ара аймактарындагы калктын коопсуздугун сактоо үчүн күч органдарына биргелешкен аракет көрүү тапшырмасы берилип, кошумча милиция пункттарын ачуу да пландалууда.