Улуттук китепканада драматург Тазабек Саманчиндин 105 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылат

23-майда Улуттук китепканада драматург Тазабек Саманчиндин 105 жылдыгына арналган «Таанымал адабиятчы, сынчы, котормочу жана драматург» аталышындагы китеп көргөзмөсү ачылат.

Көргөзмөгө анын китептери, басылмалары, иллюстрациялары жана фотолору коюлат. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти.

Белгилей кетсек, Тазабек Саманчин 1909-жылы Кемин районундагы Жол айылында туулган. 1921-жылы Токмоктогу жетим балдар үйүнө кабыл алынат.
1929-жылы Жалал-Абаддагы педтехникумда мугалим болуп иштейт. 1930-жылы Москвадагы Ленин атындагы Мамлекеттик педагогика институтуна кирип, аны 1939-жылы бүтүрүп, педтехникумда мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Чыгармачылык ишмердиги согуш жылдарынан мурда башталган. "Берметтин уландары", "Абышкалардын жоругу", "Тоо арасында" деген пьесаларды жазган. Ал В.Г.Белинскийдин тандалмалуу чыгармаларын, М.Горькийдин чыгармаларынын үч томун, Л.Н.Толстойдун "Анна Каренина" романын, В.Духовичныйдын, М.Слободскийдин "Үйлөнүү саякаты", А.П.Чеховдун "Ваня таяке", А.Мирзагатовдун "Энемдин буурул чачы", М.Поповдун "Үй-бүлө" пьесаларын кыргыз тилине которуп, өзүн илимпоз, жазуучу катарында гана эмес, чебер котормочу катарында да жалпы журтчулугубузга кеңири таанытты.
Тазабек Саманчин 1979-жылы дүйнөдөн кайткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан