Талас облусунда жаратылыш кырсыктарын кыскартуу жана ага болгон даярдык тууралуу талкуу өттү

Таласта бүгүн, 22-майда жаратылыш кырсыктарын кыскартуу жана ага даярдык потенциалын жогорулатуу боюнча тренинг болуп өттү. Бул тууралуу жергиликтүү өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган семинар-тренинг Голландиянын “ИККО кооперейшн” Эл аралык коому тарабынан каржыланып, ага бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана ӨКМнын Талас облустук башкармалыгы тарабынан өкүлдөр катышты.

Жыйындын башында Улуттук платформанын катчылыгынын жетекчиси М.Бекжанов Кыргызстанда жана дүйнө өлкөлөрүндө болуп жаткан өзгөчө кырдаалдар, андагы көйгөйлөр, техногендик факторлор жөнүндө кенен баяндама жасап, андан соң ал темаларда талкуу болуп, катышуучулар суроолоруна жооп алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан