КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы Түркиянын Чек ара кызматынын өкүлдөрү тарабынан 14 миллион доллар өлчөмүндөгү жардам алат. Бул тууралуу 22-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев брифинг учурунда маалымдады.
“Түркиянын Чек ара кызматынын өкүлдөрү тарабынан берилчү каражатка эмерек, байланыш каражаттарын жана аскердик техника сатып алуу каралууда”,- деди Р.Дүйшөнбиев.
Маалыматка ылайык, аталган суммадагы жардам 18-июнга чейин келиши керек.