Бүгүн, 23-майда Бишкекте “Бажы биримдиги: ар түрдүү пикирлер жана Кыргыз Республикасынын аймактарына көз караш” аттуу жыйын өтүүдө. Иш-чараны КРнын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту Кыргызстандагы Фридрик Эберт атындагы фонду менен биргеликте уюштурууда.
Жыйында аталган институт өткөргөн “Бажы биримдигиндеги үч мамлекеттин жана Кыргызстандын биримдикке кирүү же кирбөөсүнүн SWOT-анализи” аттуу изилдөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланууда. Мындан тышкары иш-чарада изилдөөнүн мазмуну жана жыйынтыгы талкууга алынат. Жыйында КРнын министрликтеринин, мекемелеринин, эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү жана адистер катышууда.