Кечээ, 22-майда чет элдик маалымат каражаттары британиялык музыкант, ырчы Пол Маккартнинин жугуштуу инфекциялык оору менен Токиодогу ооруканалардын бирине жаткандыгы тууралуу маалымат таратышкан эле. Бүгүн, 23-майда музыканттын жеке сайтында анын ден соолугунун баштапкыга караганда алда канча жакшырып калгандыгы тууралуу жазылды. Аны менен катар музыканттын өкүлдөрү Пол Маккартнинин "Эртерээк айыгып кетсем экен, мени дүйнөдө канчалаган күйөрмандарым күтүп жатышат..." деп тынчсызданып жатканын айтышат.
Белгилей кетсек, "Битлз" тобунун негиздөөчүсү, 71 жаштагы Маккартни өткөн аптада ден соолугуна байланыштуу Японияга жана Түштүк Кореяга болгон сапары үзгүлтүккө учураганын айтып, күйөрмандарынан кечирим сураган.