Ошто ата-энелер менен байланышты күчөтүп, пикир алышуу максатында окутуучулардын катышуусунда жыйын өттү

Ош шаарында 21-май күнү Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинде ата-энелер менен ЖОЖдор арасында байланышты күчөтүү максатында окутуучулар менен ата-энелердин жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген ата-энелер катышып, Ош мамлекеттик университети, Медициналык колледжи тууралуу видеотүрмөктөр көрсөтүлүп, аталган окуу жайдын студенттеринин окуусу, жашоосу тууралуу маалыматтар айтылды.

Мындай жолугушуулар ата-энелер менен байланышты күчөтүү, пикир алышуу, таанышуу, студенттердин келечегине кам көрүү үчүн жыл сайын өткөрүлүп келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан