“Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү менен аскердик-саясий көйгөйлөрүн чече алат”,- деп айтты өз баяндамасында бүгүн, 23-майда Бажы биримдигине арналган жыйындын жүрүшүндө КРнын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун адиси Шерадил Бактыгулов.
Анын айтымында, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу акча каражат бир топ азыраак бөлүнөт. “Учурда республиканын алдында кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек ара маселелери курч болууда. Мындан тышкары экстремисттик күчтөр башын көтөрүүдө. Албетте, бул маселелер республикабыздын коопсуздугуна коркунучтуу. Бажы биримдигине кирсек, Орусия менен 1 миллиард долларлык келишим түзүлүшү күтүлөт. Бул акча каражаты аскердик техникаларды (тик учак, куралдар, аскердик форма) сатып алууга пландалган”,- деди адис.