Бишкекте бүгүн, 23-майда Курулуш, транспорт жана архитектура университетинде жумуш орундарынын жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумуш орундарына кызыккан адамдар өз анкетасын калтырып, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн алышууда. Ошондой эле жумушка орношуу боюнча акысыз тренингдер да өтүп жатат.
Жарманкени Прогрессивдүү демилгелер фонду уюштурууда жана ага 20га жакын өлкөдөгү ири компаниялар катышууда.