Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата чыгармачыл жаштар менен ардагер акын-жазуучулардын кечеси болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чара “2014-жыл - Ынтымактын, достуктун, биримдиктин, тазалануунун жана аруулануунун жылы” деген ураандын алдында өткөрүлдү. Ага республикадан, облустагы белгилүү акын, жазуучулар, райондогу бардык мектептердеги жаш чыгармачыл, калемгер окуучулар, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондун акими жана Саруу айылынын тургундары катышышты.
Чыгармачылык кечеде мектеп окуучулары акын-жазуучулардын чыгармаларын көркөм окушуп, жомок, тамсилдерин аткарып беришти. Ошондой эле жаш калемгерлер акын-жазуучуларга арнап жазган ырларын окуп беришти. Иш-чараны райондун аксакалдар жана аялдар кеңеши уюштуруп, Саруу айылы демилге көтөргөн, ал эми иш-чараны уюштурууга ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Каптагаев көмөк көрсөткөн.