Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан шаардын Ала-Тоо конушунда рейд жүргүзүлдү. Анын негизинде аталган конуштун Улук-Тоо көчөсүндө жер тилкеси муниципалдык жердин эсебинен кеңейтилип, короо курулганы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда аталган департаменттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, КРнын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” жана “Жеке турак жай куруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, жер тилкесинин ээсине узундугу 5, туурасы 15 метр келген мыйзамсыз курулган короону бузуу милдеттендирилди жана өз ыктыяры менен бузулду.