2013-жылы Чүй облусу боюнча 29 миңден ашуун адам жумуш орду менен камсыздалган

Чүй облусу боюнча 2013-жылы жалпысынан 29 179 жумуш оруну түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министрдин КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши боюнча берген отчётунда айтылат.

Маалыматка ылайык, учурда иштеп жаткан ишканаларда 1500 жумушчу оруну, анын ичинде чакан ишканаларда 234, ошондой эле 505 жаңы ишкана катталган. Формалдуу эмес сектордо 27 659 жумушчу оруну түзүлгөн.

Райондук бөлүмдөрдүн каражатынын эсебинен 3015 жумушчу оруну, анын ичинде төлөнүүчү коомдук жумуштар боюнча 2694 жана туруктуу микрокредиттерди берүү жолу менен 321 жумушчу оруну катталган. Каралган убакытта 7113 адам жумушка орношкон. Бул 2012-жылдын деңгээлине карата (7632) 92 пайызды түзөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан