Бишкекте Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 23-майда Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз элинин улуу акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков, КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев, "Түрксой" уюмунун башкы директору Дюсен Касеинов, Сатылгановдун небереси Молдожан Токтогулов катышып, улуу акындын көөнөрбөс талантына токтолуп өтүштү. Ошондой эле аземге алыскы Кетмен-Төбө жергесинен келгендер, маданият кызматкерлери катышты.

Салтанаттуу иш-чарада филармониянын 400гө жакын өнөрпозу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналган “Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы, филармония – таланттардын уясы” аттуу гала-концертин тартуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2014-05-23 15:18:28
Rabiga,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат.
Бирок дагы ушул сыяктуу сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтсөңүз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан