Бүгүн, 24-майда Бишкекте "Кыргызстан менен Япониянын кызматташтык көпүрөсү" деп аталган Маданият фестивалы өтүүдө. Келген коноктор оригами жасоого, япон юкатасын кийип көрүүгө, каллиграфия искусствосунда күчүн сыноого мүмкүндүк алышты. Ошондой эле бонсай искусствосу менен таанышып, чай каадасына катышып, япон оюндарын ойноп, япон ашканасынан даам сызышты.
Белгилей кетсек, бул иш-чараны Кыргыз-Япон адамзаттык өнүгүү борбору уюштурган.