Сербиянын дин өкүлдөрү өлкөдөгү суу каптоого "Евровидение-2014" сынагынын жеңүүчүсү, австриялык "сакалчан кыз" Кончита Вурстту күнөөлүү
дешүүдө. Алардын мындай билдирүүсүн бүгүн, 24-майда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Алардын ою боюнча, Кудай австриялык трансексуал ырчынын жеңишине карата элди суу каптоо менен жазалаган. "Бул дал келүү эмес. Бул Кудайдын элге берген эскертүүсү. Ал элди жаман жолго түшүп кетпесин деп жамгырды жөнөттү. Жамгыр менен күнөөлөрдү жууду",- дейт сербдердин дин башчысы Иреней.
Эске салсак, өткөн аптада Балкан аралдарында тынбай жааган жамгырдан улам Сербия, Босния, Хорватия өлкөлөрүн суу каптап, анын кесепетинен 50гө жакын киши каза таап, 5,5 миллион калк жабыр тарткан.