Актриса Мерьем Узерли 3 айлык кызы Лара менен апасын туулган күнү менен куттуктоого бара жаткандыгын жазып, сүрөтүн илди. Кызыгы, "Даңазалуу доордун" жылдызы машина менен эмес, кадимки коомдук электричкага түшүп барган. Бул тууралуу бүгүн чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, актриса кызы Лараны бооруна кысып түшкөн сүрөтүн жеке баракчасына жарыялап, "Лара жана мен жолдо баратабыз" деп жазып койгон. Буга анын күйөрмандары 3 тилде, орус, англис, немис тилдеринде каалоо-тилектерин калтырышкан.
Белгилей кетсек, актриса Берлинде, апасы Кассель шаарында жашайт. Эки шаардын аралыгы 400 чакырым.