Бүгүн "Ош периси-2014” сынагы өткөрүлөт

Бүгүн, 26-майда "Ош периси-2014” сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жылдагыдан өзгөчөлөнүп, быйыл сынакка ЖОЖдордун эле студенттери эмес, Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери да катышат.

Ал эми кыздардын бою 170 сантиметрден кем эмес, кыргыз-орус тилдеринде эркин сүйлөй алуусу керек. Ошондой эле интеллектуалдык деңгээли жогору болуусу шарт.

Анда катышуучулар өздөрүнүн сулуулуктарын, акыл дареметин көрсөтүп, жарашык маданиятын жана энени даңазалаган сахналык көрүнүштөрдү аткарышат. «Ош периси-2014» сынагынын жеңүүчүсү республикалык деңгээлдеги «Кыргызстан периси» сынагына жолдомо алат. Андан тышкары 4 алдынкы орунду багындырган сулууларга чет мамлекетке эс алууга жолдомо берилет.

Айта кетсек, иш-чара Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан