Кыргыздын таланттуу актёр жигиттеринен куралган "Дем" театры жыл сайын 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата концерт берүүнү салтка айлантышкан. Аталган театрдын бул эксклюзивдүү концерти бүгүн, 26-майда "Кинозал" бөлүмүн толуктап отурат.
Концерттин дээрлик 90 пайызы боорду эзген тамашалар менен коштолгон. Алар бирде 70-80деги кемпир-чалдын кейпин, бирде аракечтин, бирде көзү ачыктын образын жаратышты.
Мындан сырткары "демчилер" концерт учурунда эч кандай үн коштоосу жок, турган турпаты, кийимдери менен ар кандай кыймылдарды жасап, пантомималары менен да элдин боорун эзишти. Алардын «Музаман» тобунун коштоосунда бийлеген бийи көрүүчүлөрдүн өзгөчө кол чабуусуна арзыды.