Жалал-Абадда Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин делегациясы менен жергиликтүү өкүлчүлүк соода-сатыкты өнүктүрүү тууралуу талкуулашты

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Жээнбеков облуска расмий иш сапары менен келген Кытай Эл Республикасына караштуу Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Кашкар округунун губернаторунун орун басары Ван Юнчжи баштаган ишкерлерден турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда жергиликтүү өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасынан келген расмий делегация менен болгон жолугушууда Жалал-Абад облусунун инвестициялык багыттагы келечеги жана мындан ары Кашкар округу менен болгон соода-сатыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар берилген.  

Ошондой эле эки мамлекеттин ишкерлери тарабынан ушул максатта иш-мерчемдер кеңири талкууланып, келишимдер түзүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралганын билдирет басма сөз кызматтан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан