Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу убактылуу өчүрүлөт

Эртең, 27-майда “Түндүк-Батыш” суу тосмосундагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин айрым аймактарында муздак суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 18:00гө чейинки убакыт аралыгында Фрунзе, Лермонтов көчөлөрүндө, Чоң Чүй каналынын аймагында, Осмонкул көчөсүндө, Чыгыш автобекетинде, Чүй облустук ооруканасында, "Аламүдүн" базарында, “Шоро”, “Булгаары”, “Ак-Тилек” ишканаларында, №6-мончодо, Аламүдүн механикалык-ремонт заводунда, №175, №171-балдар бакчаларында, Свердлов военкоматында, Бакай-Ата конушунда жана “Водник-Суу” коомдук бирикмесинде муздак суу болбойт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан