Ошто Бүткүл дүйнөлүк баңгизатка каршы күрөшүү күнүнө карата спорттук иш-чаралар өтөт

Ош шаарында 26-Июнь - Бүткүл дүйнөлүк баңгизатка каршы күрөшүү күнүнө карата спорттук иш-чаралар өтөт. Мындай билдирүүнү бүгүн, 26-майда Ош шаардык мэриясынын имаратында баңгизатка каршы күрөшүү боюнча өткөн жыйында КРнын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Гулам Анарбаев билдирди.

Анын айтымында, түштүк аймагы боюнча 2800гө жакын жаран катталган болсо, Ош шаарынын өзүндө 1400 жаран баңгизатын колдонгондордун тизмесинде турат.

"Баңгизатты колдонгондордун саны жылдан-жылга биздин өлкөдө өсүп жаткандыгынын бирден-бир себеби, биздин өлкө баңгизаты боюнча транзиттик өлкө болуп саналат. Тактап айтканда, Тажикстандан Баткенге өтөт. Ал эми Ошко Чоң-Алай районуна чектешкен аймактардан келет. Мындан улам баңгизатка болгон түшүнбөстүктөрдөн тизменин саны жылдан-жылга өсүп барат, тилекке каршы",- деди Анарбаев. Андан тышкары ал быйылкы жылы 26-июнга чейин ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан