Кыргызстандын "Тумар" бий тобу ТНТ телеканалындагы "Бий" долбооруна катышат. Бул тууралуу бийчи Атай Өмүрзаков жеке баракчасына жазды.
Анын айтымында, 24-майда Кыргызстандын атынан "Тумар КР" бий тобу жана жаш бийчи Тилан Садырбаев аталган долбоордун кастингине катышып, андан ийгиликтүү өтүшкөн.
Белгилей кетсек, бул долбоорго дүйнө жүзүндөгү таланттар катыша алышат. Учурда бул долбоордун кастинги Орусиянын 16 шаарында жүрүп жатат. Кастинг 27-майга чейин уланат.