Дүйнө жылдызы Ин-Грид Бишкекке келип, кыргыз даамын татып, каада-салты менен таанышып кетти           

"In-tango" деген ырды баарыңыздар эле уксаңыздар керек. Мына ошол ырды аткарган дүйнөгө таанымал италиялык ырчы, композитор, аранжировщик Ин-Грид 22-25-май күндөрү Бишкекте болду. Ырчы өз сапарында Кыргызстандагы белгилүү компаниялардын биринин 5 жылдык мааракесине катышты. Аны менен катар кыргыз ашканасынан даам сызып, каада-салттары менен таанышканга да жетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Эл аралык концерттик компаниянын башкы директору Ислам Сатаров билдирди.

"Италиялык ырчы Ин-Гридге кыргыз жери абдан жакты. "Тоолорунда кар, шаарда болсо жаз экен. Аябай кооз өлкө тура. Эли меймандос, боорукер келишет экен. Буюрса, бул өлкөгө дагы келем" деген оюн айтты.

Ырчы жаныбарларга аябай жакын экен. Өз сапарында көчөдө калган иттерге тамак бергенге да жетишти",- дейт ырчынын сапары тууралуу Ислам Сатаров.

Белгилей кетсек, Ин-Гриддин өз аты - Ингрид Альберини. Ал 1978-жылы 11-сентябрда Италияда жарыкка келген. Анын балалыгы, өзү белгилегендей, ырчы болушуна таасир берген тасмаларды көрүү менен өткөн. Кийинчерээк ал барларда фортепиано ойноп ырдап чыга баштаган.

1994-жылы аймактык "Сан-Ремо үнү" сынагында жеңүүчү деп табылган. Анын альбомдору, алтын жана платина дисктери бир канча өлкөлөрдө тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kara_kyrgyz
2014-05-26 15:58:08
Ошко деле келишсе эмне болот? Откондо да жанагы "йо ма хао йо ма соуул" деген Ошко келбей кетип калган )):
+4
shutUP
2014-05-26 16:32:24
Kara_kyrgyz, kel dese ele kele bergen, bul saga KG'nin yr4ylary deisinbi))
-2
maks100589
2014-05-26 17:28:44
Kara_kyrgyz, адамды олтурот экен синго сен)))) Базар жок))
0
aida2013
2014-05-26 16:36:05
келгени жакшы биз дайыма бироолорго кошомат кылганды жакшы коробуз го антпесек жашообуз бутуп калчудай корунот бул ырчы канча толоду ошондо тиги жанында жургондорго ошол кызык болуп жатат ал жонундо жазылбаптыр .....
-1
faha
2014-05-26 17:30:56
aida2013, Yrchy emes, yrchyga tigiler tolop alyp kelishse kerek. Oshondo yrchy berkilerge koshomat kylgan bolup kalaby?..)))
0
INailia
2014-05-27 00:11:53
Муну Ислам динин кабыл алыптыр деп интернет видеолорунун биринен корбодум беле!
0
sansho
2014-05-31 12:33:19
Bul yrwy Bakievtin wakyruusu menen kelip. Jany jylga karata plowadda konsert bergen suukka karabai el kop bolgon.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан