Жалал-Абад облусунда 52 миңден ашуун гектар аянтка жазгы себүү иштери жүргүзүлгөн 

Жалал-Абад облусунун аймагында жазгы талаа жумуштарындагы жүргүзүлгөн уюштуруу-практикалык иштеринин натыйжасында 2014-жылдын 1-майына карата жалпысынан 52 845 гектар аянтка жазгы себүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дан өсүмдүктөрү 19 214 гектарга, дан буурчактуулар 681 гектарга, күрүч 237 гектарга, май өсүмдүгү 10 298 гектарга, пахта 7954 гектарга, тоют өсүмдүктөрү 3021 гектар аянтка себилген. 

“Ошондой эле картошка 2913 гектарга, жашылча 5013, азык-түлүк бакчасы 3514 гектар аянтка эгилген. Аба ырайынын шарттарына байланыштуу жазгы талаа жумуштары 15 күнгө кечиккен”,- деп белгилейт басма сөз кызматынан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан